13:17
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бейөкмөт уюмдар боюнча мыйзам долбоор. Үч депутат авторлордун катарынан чыкты

«Бейөкмөт уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоордун авторлорунун катарынан Жогорку Кеңештин үч депутаты чыкты.

Эмил Токтошев, Эмил Жамгырчиев жана Бактыбек Чойбеков долбоордун авторлугунан баш тартышты.

Эмил Токтошевдин айтымында, анын сунуштары мыйзам долбоорго кирбей калган.

«Мен сунуштаган пункттар кирген менен, башкача формулировка менен кетип, андан сырткары мен макул болбогон ашыкча көп пункттар кирип калгандыгынан, мен НКО жөнүндөгү мыйзам демилгечилердин катарынан чыгуу үчүн арызымды жаздым. Мыйзам коомдун кызыкчылыгы үчүн иштеши керек, бирок аны ишке ашырууда бир тараптуу кызыкдар тарапка иштебеш керек!», — дейт Эмил Токтошев.

Бакыт Чойбеков мыйзам долбоорго кийин киргизилген өзгөртүүлөргө макул эместигин белгилейт.

Эмил Жамгырчиев долбоорду иштен окуп чыгуу үчүн гана авторлордун катарына кошулганын белгилейт.

Эң көп окулган жаңылыктар