19:43
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Токтогулда гемодиализ борборун аягына чейин курбай, качып кеткен жаран кармалды

Токтогулда гемодиализ борборун аягына чейин курбай качып кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын октябрь айында «Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын Токтогул районунун жана Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекеме Токтогул районундагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына жалпы суммасы 15 миллион 941 миң 684 сомго гемодиализ борборун курууга тендер жарыяланган, анда тендердин жыйынтыгы боюнча сунушталган 12 миллион 907 миң 508 сом менен «А.С.С.» ЖЧК жеңүүчү деп табылган. Бирок аталган мекеменин директору А.А.Б. эсебине 7 миллион 781 миң сом түшүп, 2022-жылы курулуш иштеринин 10 пайызын гана бүтүрүп, дайынсыз жоголгон.

Учурда кармалган адам КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат, анын алкагында «Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын тескөө боюнча дирекциясы» Мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү текшерилет.

Эң көп окулган жаңылыктар