23:21
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Акылбек Жапаров: Мен КСДПнын бийликке келгенине өкүнөм

«Мен КСДПнын бийликке келгенине өкүнөм», — деп айтты министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 25-апрелде өткөн кереге кеңеште.

Анын айтымында, социал-демократтар өлкөнүн өнүгүүсүнө алгылыктуу салым кошо алган эмес. Экономика ордунан жылбаган.

«Биз 1,5-2 жылда ички дүң өндүрүмдү адам башына бөлгөндө 1607 долларга жеткирип, 400 доллар коштук. Өлкөдө туруктуулук болсо биз аны 2000 долларга жеткиребиз. Бул жылы биринчи жолу 520 миллион доллар тышкы карызды төлөйбүз», — деди Акылбек Жапаров.


Эң көп окулган жаңылыктар