Экономикалык кылмыш менен күрөшүү кызматы (Финпол) Ички иштер министрлигинин карамагына өтпөйт. Бул тууралуу премьер-министрлик орунга талапкер Улукбек Марипов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Финполду тагдыры азыр так чечиле элек.
«Бирок ал ИИМге кошулбайт. Балким өз алдынча калат, же башка жолдору каралат», — деди ал.
Депутат Улан Примов Финполду Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүүнү сунуштады.
«Салык кызматынын алдында экономикалык кылмыштар менен күрөшүү туура болот», — деди ал.