02:17
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Топ-10. 2022-жылы Кыргызстандын экспортун көбөйткөн товарлар

2022-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандан экспорт 2 миллиард 186 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 20,5 пайызга аз.

Ошол эле учурда Орусияга экспорт 2,5 эсеге көбөйүп, 963,6 миллион долларды түздү.

Бул Орусия санкцияларды айланып өтүү аракетинде Кыргызстан аркылуу Европалык товараларды алып өтүп, же өткөрүп жатканын маалымдайт. Кыргызстандын бийлиги аны четке кагат. Бирок сандар маалыматты ырастайт. Анткени, Орусияга экспорттолгон товарлар биздин өлкөдө чыгарылышы күмөн жаратат.

24.kg агенттиги Кыргызстандан Орусияга жеткирилип жаткан товарлардын көөлөмүн иликтеп көрдү. Өткөн жылы жеңил өнөр жай тармагынын экспортту эки эсе көбөйгөн. Бирок тигүү тармагынан башка таң калыштуу экспортко жөнөтүлгөн товарлар бар.

1
Контрацептивдер

2021-жылдан айырмаланып, Кыргызстан Орусияга контрацептивдердин экспортун 9,3 эсеге көбөйттү. 1,7 тоннадан (104,2 миң долларга) 2022-жылы 15,9 тоннага (958,3 миң долларга) көбөйгөн.

Кыргызстан бул товарды бир эле Орусияга жөнөткөн.

2
Ананас

Кыргызстанда өспөгөн бул жемиштин экспортту үч эсеге көбөйгөн. 2021-жылы 6,4 тонна ананас жөнөтүлсө, 2022-жылы 20,3 тоннага жетти.

Экзотика жемишин Кыргызстандан көбүнчө Орусия сатып алган. Алар бир жылда 9,6 тонна, Казакстан 9,2 тонна керектеген.

Белгилей кетсек,2021-жылы Орусияга Кыргызстандан ананас жеткирилген эмес. Мурда Өзбекстан менен Тажикстанга жөнөтүлүп турчу.

3
Осетр балыктарынын икрасы

2022-жылы Орусияга 220,9 миң долларга осетр балыктарынын икрасынын экспорттолгон. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 51 эсеге көп. Жалпысынан 1,7 тонна икра жөнөтүлгөн.

Белгилей кетсек, 2021-жылы икра Казакстанга гана экспорттолгон.

4
Имбирь

Өткөн жылы имбирдин Орусияга экспорту төрт эсеге көбөйгөн. Жалпысынан 80 тонна өлкөдөн чыгарылып, Орусия менен Казакстанга ташылган.

5
Тез бышыруучу кесме

2022-жылы Кыргызстан Орусияга 9,6 тонна тез бышыруучу тамактарды жеткирип, 2021-жылга караганда көлөөмдү 1,6 эсеге көбөйткөн. Бул товардын экспортту бир гана Орусияга багытталган.

Акчалай жактан көөлөм 2,3 эсеге, 312,8 доллар, 717,3 долларга өскөн.

6
Бижутерия

Орусиялыктарга азык-түлүк эле эмес, бижутерия дагы сатабыз. 2021-жылы 42 миң долларга 42,6 тонна жөнөтсөк, өткөн жылы 40,7 миң долларга 273,5 тонна экспорттолгон.

7
Маникюр жана педикюр үчүн каражаттар

Орусия Кыргызстандан маникюр жана педикюр үчүн каражаттарды сатып ала баштады. 2022-жылы 3 миң долларга 11 тонна товар жеткирилген. Ага чейин Орусия бул товарды Кыргызстандан алган эмес.

8
Бөтөлкөдөгү сыра

Кыргызстандын сырасы өткөн жылы Орусияда өтө популярдуу болуп, суроо-талап күчөдү. 2021-жылы 12,4 миң долларга 97,7 миң тонна сыра экспорттосок, өткөн жылы 54,1 миң долларга жөнөтүп, көөлөмдү он эсеге көбөйттүк.

9
Тиш тазалоочу каражат

2022-жылы Кыргызстан орусиялыктардын саламаттыгына, айрыкча тишинин тазалыгына дагы кам көрүп баштады. Бул товапрды 66,4 тонна, 322,8 миң долларга жөнөттүк. Мындан башка дагы ооз көңдөйүн жана тиш тазалоочу ар кандай каражаттарды 21,7 тоннага, 1,3 долларга жеткирдик. Кыргызстан бул товарларды Орусияга гана сатат.

10
Электр устара

Өткөн жылдан баштап экспорттук товарлардын тизмесинде дагы бир категория пайда болду. 2022-жылы 293,1 миң долларга 81,6 миң даана электр устара жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары, биз соода өнөктөш 357,1 миң долларга 91 миң 483 чач алуучу машинка сатып алган. Бул товарды Орусия менен бирге Казакстанга дагы экспорттолот. 2021-жылы Кыргызстан бул товарды Бельгияга гана саткан.

Эң көп окулган жаңылыктар