Өздөрүнүн функционалдык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Ош облусунун бир катар жетекчилери ээлеген кызматынан бошотулду.
Президенттин чечими менен:
- Зиядин Жамалдинов президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү ээлеген кызматынан бошотулду;
- Турусбек Ногоев Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду.
Министрлер Кабинетинин чечими менен Данияр Жаныкулов президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары ээлеген кызматынан бошотулду.

