13:32
USD 87.45
EUR 101.53
RUB 1.12

Кыргыз колбасасынын Орусияда алынган анализи Кыргызстанда кайра текшерилет

«Тойбосс» колбасасынан анализ алынып, текшерилүүдө. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Мурат Раматов билдирди.

Анын айтымында, жергиликтүү лабораторияларда сапаттуу текшерүү жүргүзүүгө болот.

«Биз «Тойбосс» колбасын текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Бир анализ бүгүн даяр болот, экинчиси — эртең. Эгер анализдерде чочконун эти такталбаса биз анда Орусия алынган үлгүнү кайрадан текшерүүдөн өткөрөбүз. Адал товардын жанында башка продукция турса анализ ар кандай чыгып калышы мүмкүн», — дейт аткаминер.

Мурат Раматов Кыргызстанда чыккан колбасалардын баарында сертификаттар жана лизенциялар бар экенин белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар