19:46
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Өзбекстандын чек арачылары Ала-Буканын тургунун кармап кетишти

Өзбекстандын чек арачылары Ала-Буканын тургунун кармап кетишти. Бул тууралуу бүгүн Жалал-Абад облусунун тургундарынын аймак жетекчиси Абсаттар Сыргабаев менен жолугушуусу учурунда айтылганын «Турмуш» басылмасы жарыялады.

Маалыматка караганда, 10-апрель күнү Көк-Таш айылынын тургунун мал жайып жүргөн жеринен алып кетишкен.

Жыйынга катышып жаткан Чек ара кызматынын өкүлү маалыматты ырастап, сүйлөшүү жүрүп жатканын белгиледи.

Эң көп окулган жаңылыктар