21:24
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Кыргызстанда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстанда 5-апрелде болжол менен саат 21:14тө очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Каиңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында – 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында – 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эң көп окулган жаңылыктар