Садыр Жапаров 8-9-майда Россияга расмий иш сапар менен барат. Бул тууралуу Россиянын өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу учурунда маалым болду.
Алексей Оверчуктун айтымында, Кыргызстандын президенти Жеңиш күнүн майрамдоо салтанатына катышат.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Москвадагы Кызыл аянтта өткөн парадка эч кайсы чет элдик президент катышкан эмес. Ал эми 2021-жылы Владимир Путин Жеңиш күнүн Тажикстандын башчысы Эмомали Рахмон менен гана майрамдаган. 2021-жылдын 29-апрелинде тажик аскерлеринин Кыргызстанга кол салуусунан кийин Рахмондун Россияга чакырылышы кыргыз сегментинде нараазычылык жараткан.