01:44
USD 88.36
EUR 95.26
RUB 0.96

Жасалма паспорт алууга аракеттенген өзбек жараны кармалды

Өзбекстандык жаран Кыргызстандын паспортун жасалма жол менен алууга аракеттенген деп кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, эл аралык терроризмге каршы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү «Ислам мамлекети» террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) эмиссарларынын жардамы менен кыргыз жаранынын жасалма паспортун алып, Сириянын согуш болуп жаткан аймагына кетүүгө аракет кылган.

Ал эл аралык террордук уюмга тиешеси болгону үчүн Өзбекстандын аймагында издөөдө жүргөн.

Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүп жатат.

УКМК 29-мартта Ош облусунун аймагынан «Ислам мамлекети» террордук уюмунун (Кыргызстанда тыюу салынган) мүчөлөрүнө жасалма жол менен Кыргызстандын паспортун даярдоого шек саналган аял кармалганын маалымдаган. Ага ылайык, шектүү Ош облусундагы мамлекеттик актыларды каттоо кызматындагы байланыштарын колдонуп, Өзбекстандын террордук ишмердүүлүк боюнча издөөдө жүргөн атуулдарына Кыргызстандын паспортун жасап берүүгө аракет кылган.

Эң көп окулган жаңылыктар