09:25
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кочкордо жашы жете элек кызга нике кыйган молдо соттолду

Кочкор райондук соту 18ге толбой турмушка чыккан кыздын туугандарына каршы козголгон иш боюнча өкүм чыгарды.

Кылмыш ишинин алкагында 5 кишиге айып тагылган: кыздын күйөөсү, анын ата-энеси, кыздын апасы жана нике кыйган молдо.

Соттун жүрүшүндө кыздын апасынын айтымында, 16 жаштагынын кызынын турмушка чыгуусуна каршы болгон. Бирок кыз ата-энесин суицид менен коркуткандыктан макулдук беришкен.

Жигиттин ата-энеси кыздын жашын сурабай эле салт менен нике кыйып койгонун белгилешти.