Аламүдүн районунун, Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу тоодо жалпы аянты болжол менен 30 га куураган чөп күйдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.
Өрттү ӨКМдин №28 өрткө каршы бөлүмүнөн бир өрт өчүрүүчү бөлүмүн жана 4 куткаруучу тартылып, саат 18:43 чамасында өрттү кол каражаттары менен өчүрүшкөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

