11:21
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Акылбек Жапаров Бишкек мэриясына ыш маселесин чечүүнүн үч жолун айтты

Акылбек Жапаров Бишкек мэриясында өткөн жыйында муниципалитеттин ыш маселесин чечүү боюнча ишин сынга алды.

«Кышында бул биринчи маселеге айланат, жаз келээри менен унутуп калабыз. Мындай болбошу керек. Жайында кышка даярдык көрүү зарыл», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров, бул боюнча Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри башында турган жумушчу топ түзүүнү тапшырды.

Анын айтымында, бул маселени үч багытта чечүү керек:

— Бишкек шаардык ЖЭБин сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу, ошондой эле анын бардык фильтрлерине техникалык аудит жүргүзүү;

— калктуу конуштарды газдаштыруунун финансылык моделин иштеп чыгуу жана 14 күндүн ичинде берүү;

— борборго кирүүчү жеңил унаалардын, анын ичинде оор жүк ташуучу унаалардын саны менен бирге автотранспорттук агымдарга көңүл буруу.

Эң көп окулган жаңылыктар