23:57
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Жер мунапысы. Жумушчу топтун биринчи отуруму өттү

Жер мунапысын ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун биринчи отуруму өттү. Ага жетекчиликке президентинин администрациясынын чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев бекитилген.

«Кыска мөөнөттүн ичинде жерлерге мунапыс берүү жаатындагы колдонуудагы ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүп, аларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу зарыл. Акыр-аягы, биз өз максатыбызга жетишибиз керек — «Жер-укук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кирген турак жайларга бардык укук белгилөөчү документтерди берүү менен жерге мунапыс жүргүзүү», — деди Айбек Жунушалиев.

Жумушчу топтун отурумунун жүрүшүндө белгиленгендей, жобонун нормалары төмөнкүлөргө жайылтылбайт.

— газ куурлары, жогорку чыңалуудагы электр линиялары жана жылуулук тармактары өткөн жерлерде, көрүстөндөрдүн, мал көмүлгөн жерлердин, таштанды таштоочу жайлардын буфердик зонасында уруксатсыз курулган жер участоктору; социалдык, маданий жана турмуш-тиричилик объектилерин курууга арналган жерлер; калктуу конуштардын жалпы пайдалануудагы жерлери;

— экологиялык, санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жооп бербеген, алар боюнча сот органдарынын тиешелүү чечимдери бар, табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар зонасына кирген жер участоктору, ошондой эле тарыхый-маданий мурас объекттери бар жер участоктору, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурас объекттери, маданият жана эс алуу парктары, ботаникалык парк;

— «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын жерлери» жана «Суу фондунун жерлери» категорияларындагы жер участоктору, ошондой эле үрөн чарбаларынын, асыл тукум чарбаларынын, окуу-тажрыйба, айыл чарба илим-изилдөө мекемелеринин жер участоктору.

«Жерге мунапыс берүү маселеси айрым учурларда мыйзамдык карама-каршылыктарга жана айрым мамлекеттик органдардын шалаакылыгынан улам келип чыккандыктан, карапайым эл чиновниктердин босогосуна келип, убактысын жана нервин коротпоосу керек», — деп баса белгиледи Айбек Жунушалиев.

Жыйындын соңунда мамлекеттик органдарга жана административдик ведомстволорго бир катар тиешелүү тапшырмалар берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар