04:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Мектепке күчүк алып келген окуучуну урушкан мугалим кечирим сурады

Кадамжай районунун Б. Айтматов атындагы мектептин мугалими 4-класстын окуучусуна жасаган мамилеси үчүн элден кечирим сурады. 

Мугалим балага катуу сүйлөгөнүн моюнга алат.

Белгилей кетсек, аталган мектептин 4-классынын окуучусу мектепке күчүк алып келип, аны баштыкка салып, курткасына кошо илип коет. Күчүктү көргөн мугалим баланы классташтарынын алдында тилдеп урушуп, директорго алып барып, ал жерде мектепте чыгарып саларын айтып коркутат.  Анын баарын мугалим өзү видеого тартып, таратып жүгөрөт. 

Социалдык тармактын колдонучуулары баланы колдоп, мугалимди сынга алышты. Айрым жарандар окуучунун үй-бүлөсүнө жардам берип, белектери жөнөтүштү. 

Эң көп окулган жаңылыктар