05:06
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

2020-жылдан берки курулушака көзөмөл катуу — дейт президент

«Мындан ары башаламан курулуштар болбойт жана жаңы салынып жаткан көп кабаттуу курулуштардын сапаты толук мамлекеттин көзөмөлүнө алынды», — деп убадалады президент Садыр Жапаров маегинде.

Анын айтымында, акыркы 10 жылда курулган үйлөрдүн сапатына суроо көп.

«Союз чачырагандан берки акыркы 32 жылда бир топ көп кабаттуу үйлөр салынды. Союз маалында көзөмөл жакшы болчу. Андан бери көзөмөл начарлады. Айрыкча акыркы 10 жылда салынган көп кабаттуу үйлөрдүн кандай салынганын бир Кудай өзү билет. Эгер кулап калса, анда жашаган адамдардын убал-сообу ошол үйлөрдү салган адамдардын, буга чейинки Мамкурулушка тиешелүү архитекторлордун абийиринде калат», — дейт ал.

Ал эми 2020-жылдан бери көп кабаттуу үйлөрдү куруу боюнча иштер иреттелип, көзөмөл күчөдү.

«Көзөмөлдү күчөттүк. Кечээ жакында Мамлекеттик курулуш мекемесин реформа кылдык. Мындан ары «бир терезе» болот. Архитектураны Бишкек шаарынын мэриясынын карамагына берип, Бишкектин ичиндеги курулуштарды ирээтке келтиргиле дедик. 2020-жылдан бери Бишкектин ичиндеги көп кабаттуу үйлөрдөн 64 батирди мэрияга алдык. Мамлекеттик ипотекалык компанияга (МИК) өткөрүп берип жатабыз. МИК аркылуу кезекте турган элге 20-25 жылга ипотекага беребиз», — дейт өлкө башчысы.

Бирок ошол эле учурда, президент айрым мыйзамсыз салынган курулуштарды бүткөрүүгө уруксат берилерин белгиледи.

«Мындан сырткары, Бишкек шаарынын ичинде бүгүнкү күндө 74 көп кабаттуу үй мыйзамсыз салынган экен. Жерлери трансформациядан өткөн эмес. Беш жылга ижарага деп алып алышып, көп кабаттуу үйлөрдү салып, сатып жиберишкен. Азыр эл жашап жатат. Кызыл сызыкка салынган үйлөр да бар. Андан сырткары, келишим менен мэриядан жер алып жатканда квартиралардын 10 пайызын беребиз деп жерлерди алып алышып, бирок бир дагы батир бербегендер бар экен. Алардын баары азыр эми мыйзамдаштырып бергиле деп кайрылып жатышат. «Макул биз мыйзамдаштырып берели, бирок сапатын өз мойнуңарга аласыңар. Абийир соту силердин мойнуңарда» деп жатабыз. Сүрдүрүп салалы десек эл жашап жатат. Элде эмне күнөө? Убагында кызылдай акчага сатып алышкан да», — дейт ал.

Эң көп окулган жаңылыктар