01:49
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Тажикстанда ажырашкандар көбөйүп, никеге тургандар азайды

2022-жылы Тажикстанда 70,6 миң түгөй баш кошкон. Бул андан мурдагы жылга салыштырмалуу 5,4% аз.

Тажикстандын Статистика агенттигинин маалыматына ылайык, өткөн жылы Хатлон облусунда никеге турган жуптар 2,5%, Согд облусунда 8%, республикалык маанидеги райондордо 6%, Душанбе шаарында 3,9% жана Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда 21,3% аз катталган.

Ошол эле маалда 2022-жылы өлкөдө 14069 түгөй расмий ажырашкан. Бул 2021-жылдагы көрсөткүчкө салыштырмалуу 2,9% көп. Ажырашкандар баарынан Согд жана Хатлон облустарында көп болсо, эң аз ажырашуу Душанбе жана Тоолуу-Бадахшан автоном облусунда катталган.

Адистердин айтымында, Тажикстанда жубайлар көптөгөн себептерден улам ажырашат. Алардын ичинде социалдык-экономикалык, турмуш-тиричиликтик маселелер, ошондой эле үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр жана пикир келишпестиктер бар.

10-февралда Тажикстандын Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитетинин башчысы Хилолби Курбонзода билдиргендей, өлкөдөгү ажырашууларга тажик эркектеринин орус жарандыгын алуу каалоосу да көп себеп болот. Орусиянын «Жарандык тууралуу» мыйзамына ылайык, чет өлкөлүктөр орус жараны менен үч жылдан ашык убакыт никеде болсо же ортодо балдары болсо жарандык жеңилдетилген шарттарда берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар