08:14
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

13 жашар кыз зордуктоодон кийин өз өмүрүн кыйган. Окуянын чоо-жайы

13 жаштагы Адинай Жаныбекова зордуктоого кабылгандан кийин өз жанын кыйды. Агасы Болот Жаныбек уулу 24.kg агенттигине окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, Адинай Жаныбекова 2021-жылдын ноябрь айында жоголуп, үч күндөн кийин табылат. Анын зордукталганын билип жакындары милицияга кайрылат. Бирок, укук коргоо органдары тарабынан иш жүрбөй, шектүү камакка алынбай, Орусияга чыгып кетет.

Бир нече айдан кийин Адинай Жаныбекова 6-кабаттан боюн таштап, алган жаракаттардан көз жумат.

Эң көп окулган жаңылыктар