16:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркияга Казакстан менен Өзбекстан да куткаруучулар тобун жөнөттү

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары зилзаланын кесепеттерин жоюу иштерине катышуу үчүн Түркияга учуп кетишти. Бул тууралуу 7-февралда өлкө ӨКМсынын басма сөз кызматы кабарлады.

«Болжол менен алар Газиантеп шаарына барышат. Отряддын курамында тажрыйбалуу куткаруучулар, кинологдор жана медиктер бар. Алар бардык керектүү жабдыктар менен камсыздалган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө. 

Бирок билдирүүдө Түркияга канча куткаруучу жнөтүлгөнү так жазылган эмес.

Түркиядагы жер силкинүүнүн кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү үчүн Өзбекстан да куткаруучулар тобун жана гуманитардык жардам жөнөтөт. Мындай тапшырманы өлкө президенти Шавкат Мирзиёев бергенин анын басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.

Өзбекстан ӨКМсы Түркияга жалпысынан 60 куткаруучу жана үч куткаруу техникасы жөнөтүлөрүн маалымдады.

Күн мурун президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен зилзаладан жабыркаган Түркияга 63 адамдан турган куткаруучулар тобу жөнөтүлөрүн Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да билдирген.

«63 кишиден турган куткаруучулар тобу атайын борт менен тамак-ашын, чатырын, болгон шаймандарын кошо ала барат. Алардын арасында психологдор, дарыгерлер да бар. Куткаруучулар менен чогуу кинолог эки ит да учат», — деп жазылган ӨКМдин билдирүүсүндө.

Мекеме жакынкы убактарда Түркияга гуманитардык жүк да жөнөтүлөрүн кошумчалаган.

6-февралда Түркиянын Сирия менен чектешкен түштүк-чыгыш аймагында күчү 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон. Жыйынтыгында бул эки өлкөнүн ондогон шаарында көптөгөн имараттар кыйрап, миңдеген киши өлдү. Бүгүнкү күндө урандынын алдында калган адамдарды куткаруу иштери жүрүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар