17:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Монополияны жөнгө салуу агенттиги күйүүчү май арзандашы мүмкүн экенин билдирди

Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги күйүүчү майды арзандатуу боюнча иш-аракет жүрүп жатканын кабарлады.

Агенттиктин маалыматына ылайык, 2023-жылдын башынан тартып бензиндин дүң баасы арзандап жатат. Мындан улам жакынкы айларда бензин 5-6 сомго арзандайт деп божомол бар.

Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы азырынча арзандоо жөнүндө маалымат тарата элек.

Учурда Бишкек шаарында бензиндин А-95 үлгүсүндөгү бензиндин литринин орточо баасы 62 сомдун тегерегинде.

А-92 бензининин литри 57 сомдун тегерегинде сатылып жатат. Дизелдинбаасы орто эсеп менен 73 сомдун айланасында. Аймактарда мындан жогору болушу мүмкүн.

Күйүүчү майдын баасы Кыргызстанда акыркы жылдары кескин кымбаттап жатат. Маселен, 2020-жылдары А-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 35 сом болчу. Кыргызстан күйүүчү майды Орусиядан алат.

Эң көп окулган жаңылыктар