10:17
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу тыюу салынды

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Чектөө аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин күчүндө болот. 

Белгилей кетсек, Төө-Ашуунун жолдорун кардан тазалоо жана инерттик материалдарды чачуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Кыргызгидрометтин билдирүүсүндө, 11-январдан тарта күн кескин суутат.

Эң көп окулган жаңылыктар