03:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров АКШнын Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды

Президент Садыр Жапаров АКШнын  Кыргызстандагы жаңы элчиси Лесли Вигерини кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчинин Ишеним грамотасын кабыл алып, Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, мындан аркы жемиштүү ишмердигине ийгиликтерди каалады.

Эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу багыттары боюнча пикир алмашуу болду.

Садыр Жапаров Кыргызстандын АКШ менен өз ара пайдалуу негизде өз ара аракеттенүүгө даярдыгын белгилеп, Лесли Вигеринин бай дипломатиялык тажрыйбасы эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жардам берерине ишеним билдирди.

Өз кезегинде элчи Лесли Вигери эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилелерди белгилеп, ар түрдүү тармактарда өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар