16:38
USD 87.45
EUR 103.06
RUB 1.11

Мамлекеттик кызматкерден акча талап кылган блогер кармалды

Опузалап пара талап кылуу айыбы менен Д.С.М. аттуу активдүү интернет-блогер кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, блогер социалдык түйүндөрдө интернетте ар кандай чагымчыл макалалардын жарыяланышын токтоткондугу үчүн Ала-Бука райондук мамлекеттик мекемесинин жетекчисинен опузалап акча талап кылган.

Ал 12-декабрда 30 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алып жаткан жеринен КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Эң көп окулган жаңылыктар