Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Эмгек,социалдык камсыздоо министрлигинде каржылык мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу Эсептөө палатасы маалымдайт.
Алардын билдирүүсүндө, Саламаттык сактоо министрлигинде аудиторлор 29215,6 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныктаса, анын 17350,8 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш болчу, текшерүүнүн жүрүшүндө 875,1 миң сом өндүрүлгөн.
«11099,1 миң сомдук эмгек акынын негизсиз төлөнүшү, 1163,4 миң сомдук материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды эсептен чыгаруу катталган. Командировкаларга ашыкча каржылык чыгымдардын көлөмү 100,8 миң сомду түздү. 3314,3 миң сомдук дебитордук карызды жаап-жашыруу аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 13007,2 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттардын суммасы 22795,8 миң сомду түзгөн», — деп айтылат маалыматта.
КР Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде жүргүзүлгөн аудит майыптык коляскаларды сатып алууда мыйзам бузууларды аныктаган. Майыптар коляскасына чукул муктаждык болгонуна карабастан, министрлик коляскаларды түздөн-түз өндүрүүчүлөрдөн сатып алган эмес, бааларды көзөмөлдөө жүргүзүлгөн эмес. Майыптык коляскалар бюджеттик каражаттардын эсебинен коммерциялык ортомчу түзүмдөрдөн сатып алынган. Сатып алуунун баасын талдоо көрсөткөндөй, сатып алынган коляскалардын баасы ортомчулар аркылуу өтүп, өндүрүүчүлөрдөн сатып алуучу уюмдун колуна чейин бир топ жогорулайт. Ашыкча сарптоо 1 миң 617 сомду түздү.

