USD87.45EUR97.92RUB1.02
24.kg

Украинадагы кырдаалдан улам Борбордук Азияда жакырчылык күчөдү

17:39, 01 декабря 2022, Бишкек - 24.kg

Украинадагы кырдаалдан улам Борбордук Азия жана Кавказ аймагында жакырчылыктын көлөмү 1 пайызга өсүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Эл аралык валюталык фонду маалымдайт.

Алардын маалыматында, Украинадагы кырдаал аталган региондо инфляциянын деңгээлине жана акчалай которуулардын көлөмүнө таасир берүүдө. Жыйынтыгында жакырчылыкта жашагандардын саны дагы 1 миллион адамга көбөйүшү мүмкүн.

«Азык-түлүккө баанын кымбатташы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө катуу таасир берет. Анткени Азербайжан, Кыргызстан жана Тажикстанда кирешесинин 60-70 пайызын азык-түлүккө жумшашат», — дейт уюм.

Армения, Грузия, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө акчалай которуулар ички дүң продукциянын 10-30 пайызын түзөрү айтылат.

Кыргызстан менен Тажикстан үчүн Россия акчалай которуулардын башкы булагы болуп саналат.

Санкциялардын Россиянын өндүрүшүнө таасири күчөп, башка тармактар менен бирге миграциялык моделдин дагы өзгөрүүсүнө алып келет.


БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика