Делегат Сапарбек Аргымбаевдин айтымында, жакында эле Жогорку Кеңештин трибунасында айтылган сөзгө баа берилиши керек.
«Энеңди... дегенге кандай баа берилиши керек? Ошону айтып жаткан киши президент Садыр Жапаровду көзүнө илген жок. Парламенттеги трибуна — элдин трибунасы. Ал жерден элге кайрыла турган сөздөр айтылат», — деди курултайдын катышуучусу.
Бирок, делегат Сапарбек Аргымбаев сөзүн аягына чыга албай калды. Ага бөлүнгөн убакыт аяктаганы айтылып, микрофону өчүрүлдү. Залда отургандар Сапарбек Аргымбаевге кошумча убакыт берели деп кыйкырганы менен төрага Кадыр Кошалиев микрофонду жандырууга уруксат берген жок.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда парламентте чек ара маселеси каралып жатканда Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кетишип, УКМК төрагасы сөгүп салган.

