06:52
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Бүгүн биринчи Элдик курултай өтөт

Бүгүн Бишкекте биринчи элдик курултай өз ишин баштаганы турат. Ага Президент Садыр Жапаров катышат.

Элдик курултайга өлкөнүн аймактарынан миңден ашык делегат келет. Мындан тышкары, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылган.

«Курултайдын максаты — Президенттин аймактардан шайланган делегаттар менен жолугушуп, алардын ой пикирлерин сунуштарын угуу. Улуттук форумда алдын ала даярдалган адамдар болбойт. Эл менен бийлик ортосунда тыгыз байланышты түзүп, өлкөнү өнүктүрүү боюнча мындан аркы кадамдар аныкталат» — деп буга чейин Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов түшүндүрмө берген.

Курултайдын жыйынтыгы менен делегаттар резолюция кабыл алышат. Иш-чара эки күнгө созулат.

Элдик курултай Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп, мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар