03:52
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кытай — Кыргызстан — Өзбекистан темир жолу. 2023-жылы куруу иштери башталат

Министрлер кабинети 2023-жылы Кытай — Кыргызстан — Өзбекистан темир жолунун куруу иштерин баштоону пландап жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, долбоордун техникалык — экономикалык негиздемеси келерки жылдын апрель айында бүтүшү керек.

«Курулуш күзүндө башталуусу мүмкүн болуп жатат», — министрлер кабинетинин башчысы кошумчалады.

Ал белгилегендей, Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушун баштоо да пландалууда.

«Долбоорго Өзбекистан жана Казакстан кошулууну каалайт. Азырынча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Балким, 2023-жылы баштайбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Эң көп окулган жаңылыктар