17:24
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Балбак Түлөбаев: Кумтөрдүн алтыны боюнча депутаттык комиссия ишин баштай элек

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев Кумтөрдөн өндүрүлгөн алтынды иликтөө боюнча түзүлгөн парламенттик комиссия азыркыга чейин ишин баштай албай жатканын билдирди. Анын айтымында, ушул күнгө карата болгону төрагасы гана шайланды.

«Депутаттык комиссияны төрага менен орун басарын шайлоо үчүн түздүк беле? Иш баштала элек. Эл былтыркы алтын кайда, быйылкы он айда казылган алтын кайда, деп сурап жатат. Каякка кетип жатканын аныктап, коомчулукка ачыктап койбойлубу! Комиссиянын төрагасын бүгүн угуп коелу. Оппозиция, позиция деп ызы чуу болуп жатып түздүк эле», — деди Балбак Түлөбаев.

Эскерте кетсек, 28-сентябрда парламентте «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунда алтындын сатылышы, жалпы өндүрүлүшү жана Кыргызстандын энчисине өткөндөн берки иш-аракеттерин иликтөө максатында 13 депутаттан турган комиссия түзүлгөн. 27-октябрда комиссиянын төрагалыгына депутат Исхак Масалиев шайланганы кабарланган.

Эң көп окулган жаңылыктар