Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган редакциясына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Жогорку Кеңештин регламенти парламент тарабынан Конституцияда жана өлкөнүн мыйзамдарында каралган ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруунун тартибин жана процедурасын аныктайт.
Буга чейин бул мыйзам президентинин каршы пикири менен кайтарылган.
Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 8-сентябрындагы № 463-VII токтому менен 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынып жана 2022-жылдын 19-президенттин каршы пикири менен артка кайтарылган мыйзамдын макулдашылган вариантын иштеп чыгуу боюнча курамында 9 мүчөсү менен макулдашуу тобу түзүлгөн (Жогорку Кеңештин депутаттары, юстиция министри, президент администрациясынын жана Жогорку соттун өкүлдөрү).
2022-жылдын 20-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан «Регламент жөнүндө» мыйзамынын макулдашылган варианты кабыл алынды.

