19:02
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Тажикстанда журналист Завкибек Саидамининин соту жабык өтүүдө

Тажикстанда камактагы журналист Завкибек Саидамининин иши боюнча кезектеги сот отуруму 26-октябрда жабык өттү.

Журналисттин жакындары катыштырылбаган отурум тууралуу кеңири маалымат жок. Адвокат бул боюнча журналисттер менен сүйлөшүүдөн баш тартты.

Журналист өлкөдө тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясы» жана оппозициялык «Группа 24» кыймылы менен кызматташкан деп шектелүүдө. Эгер ал күнөөлүү деп табылса беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Саидамини өзү айыптоолорду четке кагып келет.

Журналисттин жакындарынын айтымында, 26-октябрдагы отурумга «бир нече эксперт» катышкан, бирок алардын аты-жөнү айтылган жок.

Завкибек Саидамини быйыл 8-июлда Вахдат шаарында кармалып, Душанбедеги тергөө абагына жеткирилген. Ал мамлекеттик телеканалдан кеткенден кийин соода менен алектенип, андан соң курулушта кранда иштеп жүргөн. Ошол эле маалда блогерлик кылып, акыркы кездери камалган журналисттердин маселесин көтөрүп келген.

Эң көп окулган жаңылыктар