16:46
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкек менен Токмокто көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Токмоктогу «Шабыркул», «Кара-жыра» ЖЧКсынын отун базаларында жана көмүр сатуу пункттарында ошондой эле Бишкек шаарынын айланма жолунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, айланма жол боюнда сатуучалар менен түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасы 5-5 миң 400 сомдон сатылып жатканы аныкталган. Ташуучулар жана сатуучулар менен жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында баалар сатуучулар үчүн да, ташуучулар үчүн да тоннасына 4 миң 600 жана 4 миң 200 сомго чейин төмөндөтүлгөн.

Алсак, Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Кече кенинен көмүрдү сатуунун сунуш кылынган жогорку чекене баасы сатуучулар үчүн бардык чыгымдарды эске алуу менен тоннасына 4 миң 600 сом (көмүр сатып алуу, күйүүчү май, амортизация, салыктар, эмгек акы ж.б.у.с.).

Токмок шаарынын аймагындагы көмүр рыногунда абал туруктуу, учурда 3 отун базасы жана 7 стационардык көмүр сатуучу пункттар иштеп жатат. Көмүрдүн запасы 3 миң 60 тоннаны түзөт. Токмоктогу отун базаларында Шабыркүл жана Кара-Жыра кендеринен чыккан көмүрдүн чекене баасы тоннасына 5 миң сомдон, Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасына 4 миң 300-4 миң 400 сомдон сатылууда.

Башкармалыктын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында сатуучуларга монополияга каршы мыйзамдардын сакталышы, ошондой эле тиешелүү текшерүүдөн өткөн таразалары жана баа биркалары болушу боюнча эскертүүлөр берилди.

Бөлүмдүн бул багыттагы иштери күн сайын жүргүзүлмөкчү.

Эң көп окулган жаңылыктар