06:33
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкектин айрым райондорунда муздак суу өчүрүлөт

«Бишкексууканал» ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 13-октябрда саат 9:00дөн 24:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт.

Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:

  • Ала-Арча суусу — темир жол линиясы — Жибек Жолу проспектиси — Жаш Гвардия саябаны;
  • Жаш Гвардия саябаны — темир жол линиясы — Фрунзе көчөсү — Манас проспектиси.

Ичүүчү суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Эң көп окулган жаңылыктар