12:44
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Кыргызстандын Москвадагы элчиси Россиянын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу Россиянын  тышкы саясат боюнча мекемеси билдирди.

Маалымата караганда,  Гүлнара-Клара Самат кечээ Россия ТИМине чакырылып, министрдин орун басары Андрей Руденко менен сүйлөшүлгөн.

Жолугушууда ЖККУга байланыштуу маселе козголгон. 

Белгилей кетсек, Кыргызстан ЖККУга кирген өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн Балыкчы шаарында өтө турган машыгуусун токтоткон. Ага чейин Россия президенти Владимир Путин Эмомали Рахмонго атайын сыйлык ыйгарган. 

Эң көп окулган жаңылыктар