18:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Караколдо 111 миллион сомго таштанды иштетүү заводу курулат

Караколдо Кыргызстан боюнча эң биринчи жолу таштандыны кайра иштетүүчү заводту куруу боюнча белоруссиялык компания менен келишимге кол койулду. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз тараптан «Өсүү чекити» деген долбоор даярдалган, ошонун негизинде Садыр Жапаров тарабынан колдоо таап, республикалык бюджеттен акча-каражаты бөлүнгөн.

Долбоордун финансылык маселеси чечилгенден кийин, быйыл таштандыны кайра иштетүүчү завод курууга мамлекет тарабынан 135 миллион сомго тендер жарыяланган, бүгүнкү күндө тендерди 111 миллион сомго Белоруссиялык «Сифания Экотехника» компаниясы утуп алды.

Тендер баардык компаниялар үчүн ачык, бирдей шарт менен уюштурулган. 111 миллион сом заводту курууга жумшалса, калган 24 миллион сомго завод орун алчу жерге ангар ж.б. жумуштар аткарылмакчы.

Заводту алып келип орнотуу 90 күн ичинде ишке ашышы керек, ноябрь айында баардык жабдыктар алынып келинет, декабрь айында жумушчуларды окутуу процесси жүрмөкчү, ошондой эле бул долбоордун негизинде 40-50 адамга жумуш оруну түзүлөт. Таштандынын бөлүп сорттоо ишитери азыркы полигондо орун алат, ал эми кайра иштетүүчү процесстери «Тазалык» ишканасында болот.

Эң көп окулган жаңылыктар