03:18
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

COVID-19. Бир жуманын ичинде 77 жаңы учур аныкталды

Кыргызстанда 26-сентябрдан 2-октябрга чейин COVID-19дун 77 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык -эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматына караганда, 3-октябрга карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада.

Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден аз, бул оорунун азаюусун билдирет.

2022-жылдын 9 ай жана 1 күнүндө COVID-19дун 21 миң 412 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 405 (90,6 пайыз) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4 пайыз) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.

Эң көп окулган жаңылыктар