USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук качан берилээри айтылды

11:10, 03 октября 2022, Бишкек - 24.kg

Бишкектиктердин үйлөрүнө жылуулук берүү нормаларга ылайык жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен абанын орточо температурасы +8℃ төмөндөгөндө бериле баштайт. Бүгүн, 3-октябрь, үч гана күн.

Объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күнгө созулат.

Алгач бала бакчалар, ооруканалар, төрөт үйлөр жана социалдык коргоо мекемелери, андан кийин турак жайлар, жылуулук энергиясына карызы жок өндүрүш ишканалары жана мекемелери жана башка объектилер жылуулук менен камсыздалат.

Көп кабаттуу үйлөрдү жылуулукка туташтырууда, үйлөрдүн жогорку кабаттарында жайгашкан Маевскийдин крандары аркылуу жылытуу тутумунан абаны чыгаруу керек. Бул чара батирлерге жылуулуктун агымын тездетет.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика