26-сентябрда Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов иш сапары менен Кыргызстанга келди.
Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Ариповду «Манас» эл аралык аэропортунан кыргыз өкмөтүнүн төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Өзбекстандын премьер-министри бул сапарынын алкагында кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынына катышат.
Мындан тышкары Абдулла Арипов Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен да жолугушат.

