11:38
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Акжол Махмудов күрѳш боюнча дүйнө чемпиону болду

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында балбан Акжол Махмудов алтын медал тагынды.

11-сентябда финалдык таймашта ал грек-рим күрөшүнөн 77 кг салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, дүйнө чемпиондугун жеңди.

Мажар балбаны менен Акжол Махмудов буга чейин эки жолу беттешип, бир жолу жеңип, бир ирет утулган.

Эң көп окулган жаңылыктар