17:02
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Дүйнө кубогун жеңип алды

Балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медаль утту. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Айсулуу Тыныбекова финалда мекендешибиз латвиялык Анастасия Григорьева менен килем үстүндө күч сынашып, аны 14:0 ири эсебинде артта калтырды.

Балбан кыз жеңишин элине арнап, мелдештеги сүрөттөр менен өз баракчасында бөлүштү.

Унутулгус эмоциялар! Жалпы кыргыз элиме рахмат♥️ #1 #GOLD #UWW United World Wrestling

Опубликовано Айсулуу Тыныбековой Вторник, 15 декабря 2020 г.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума