13:09
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпиону болду

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков алтын медаль алды.

13-сентябрда ал грек-рим күрөшүнөн 60 кг. салмакта финалдык таймашта болгариялык балбан Эдмонд Армен Назарянды 11:2 эсеби менен мөөнөтүнөн мурда утту.

12-сентябрда Жоламан Шаршенбеков 1/8 финалда венгриялык Кристиан Кексеметини (8:0), чейрек финалда АКШ балбаны Илдар Хафизовду (4:0), жарым финалда казакстандык Айдос Султангалини 7:0 менен уткан.

Ушуну менен Кыргызстандын балбандары Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында үч медаль алды. 11-сентябрда Акжол Махмудов грек-рим күрөшүнөн 77 килограмм салмакта венгриялык Золтан Леваини 8:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп, Дүйнө чемпиону болгон. 12-сентябрда грек-рим күрөшүнөн 67 килограмм салмакта Амантур Исмаилов коло алган.

Эң көп окулган жаңылыктар