13:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Uww Asia: Айсулуу Тыныбекова Азиянын мыкты балбаны

Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азиянын мыкты балбаны аталды. Бул тууралуу Uww Asia уюму жарыялады.

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча ирандык Хасан Яздани, грек-рим күрөшү боюнча ирандык Мохаммад Реза Гераеи мыкты деп табылды.

Балбандарды сыйлоо аземи 2022-жылдын 19-24-апрелинде Монголиянын Улан-Батор шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль жеңген.

Эң көп окулган жаңылыктар