04:00
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Кыргызстанда 6 миллион 977 миң адам жашайт

Кыргызстанда калктын саны боюнча маалымат жаңыланды. Улуттук статистика комитети 7-сентябрда билдиргендей, жазында өткөн эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы өлкө калкы 6 миллион 977 миң адам экенин аныктады. Эми, 1-августтан тартып кийинки эсептөөлөргө чейин кыргызстандыктардын расмий саны боюнча ушул маалымат айтылып турушу шарт.

Өлкөнүн эл жана турак жай фондун каттоонун биринчи этабы 25-марттан 3-апрелге, алыскы тоолуу райондорду камтыган экинчи этабы 23-апрелден 2-майга чейин өткөн. Каттоонун баштапкы жыйынтыгы сентябрь-октябрь айларында, ал эми расмий жыйынтыгы бир жылдан кийин жарыяланары айтылган.

Быйылкы жылдын 1-июлундагы эсепте Кыргызстандын калкы 6 миллион 804 миң адам экени маалымдалган.

Январь-июнь айлары кыргызстандыктар 56,5 миң адамга көбөйүп, көрсөткүч 0,8% өстү.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума