00:33
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Эркектер жана аялдар. Жашоо узактыгы, ата-энелик жоопкерчилик жана мээнеткечтик

Улуттук статистикалык комитет аялдар жана эркектер боюнча өзүнүн жылдык иликтөөсүн жарыялады. Анда айрым билдирүүлөр четке кагылат. Мисалы, эгер эки жыныстагы калктын санын салыштыра турган болсок, айырмачылык чоң эмес, бирдей эле.

24.kg агентиги иликтөөдөгү негизги маалыматтарга токтолду.

Эркекте четте, аялдар шаарда

Кыргызстандын калкы 2018-жылы 6 миллион 257 миң киши түздү. Анын 3 миллион 155 миңи аялдар, 3 миллион 102 миңи эркектер. Белгилей кетсек, калкты саноодо туруктуу жашаган жана учурда өлкө аймагында бар гана адамдар эсепке алынат. Андыктан учурда өлкөдө бар аялдардын саны эркектердикинен бир миллион көбүрөөк. Бирок, ошол эле учурда 2017 жылы 15 миң аял, 7 миң эркек четке миграция кеткен.

Айтмакчы, айылда жашаган аялдардын саны шаардыкынан пайыздык ченемде аз. Шаар аялдар 2,5 пайызга көптүк кылса, айылда 0,6 пайыз.

Айтмакчы, жак курагы боюнча 25-29, 30-34 жаштагы аялдардын көпчүлүгү шаар жеринде жашашат. Албетте бул ишке жарамдуу жаштагы аялдардын эмгектенгенин күбөлөйт.

Бирок, мамлекеттик кызматта жана жергиликтүү өзүн башкаруу органдарында иштегендердин 63 пайызы эркектер. Демек аялзаты андан башка тармактарда иш алып барат.

Баткенде эркектердин жалпы саны 11 миңге көп (252 миң — аялдар, 261 миң — эркектер), Ошто 13 миңге (650 миң-аялдар, 633 миң — эркектер), Жалал-Абадда 7 миңге (591 миң- аялдар, 598 миң — эркектер), Ысык-Көлдө 2 миңге (240 миң — аялдар, 242 миң — эркектер). Нарында 5 миңге (139 миң — аялдар, 144 миң — эркектер) Таласта 2 миңге (128 миң — аялдар, 130 миң — эркектер).

Өлкөдө жыл сайын 100 кызга 106-107 уул төрөлөт.

Аялдар эркектерден узак жашайт

Жаш курагы боюнча алсак 40 жаштан ашкан аялдардын саны көп.

Беш жашка чейинки бөбөктөр арасында уулдардын саны кыздардан 20 миңге ашык (377 миң жана 399 миң). 5-9 жаштагылардын арасындагы дагы балдар басымдуу ( 335 миң — кыздар, 351 миң- уулдар), 10-14 жаштагылардын 272 миңи кыздар, 283 миңи балдар.

20-25 жаштагылардын 258 миңи аялдар, 279 миңи эркектер.

40 жаштан өткөндөн кийин гана аялдардын саны көптүгү байкалат. 80 жаштан өткөндөр арасында эркектердин саны эки эсе кыскарат.

Аялдар менен эркектердин жашоосу узактыгындагы айырмачылык 8 жылды түзөт. Эркектердин өлүмү 1,5 эсеге көп.

Алардын 70 пайызы гана пенсия жашына жетсе, аялдардын 90 пайызы жетет. Орто эсеп менен азыркы 60 жаштагы аялдардын дагы 20 жыл жашоо мүмкүнчүлүгү болсо, эркектердики 15 жыл.

Карылардын өлкөсү

Улуттук статкомдун маалыматында, Кыргызстан карылардын өлкөсүнө жакындап келе жатат.

2018-жылдын башында 65 жаштан өйдөнкү курактагылардын саны 287 миң 700 кишини, өлкө калкныны 4,6 пайызын түздү. Божомолдоолор боюнча 2030-жылы бул көрсөткүч 7 пайызга жетет.

Белгилей кетсек, Ош облусунда кары жаштагы аялдардын саны көптүк кылат. Кээ бир аймактардан эки эсеге көп.

Эрте турмуш куруу

Эрте турмуш куруу проблемасы Ош облусунда күч болгону менен Талас жана Чүй облусунда эрте эне болгондор көп. Бул эки аймак 2017-жылы республикалык көрсөткүчтү 1,6-2,2 эсеге ашкан. 15-17 жаштагы миң кызга 8-11 ымыркай туш келген.

Негизинен кыргызстандыктар орточо 23 жаш курагында төрөшөт.

Айтмакчы, 2013-2017 жылы төрөлгөн ымыркайлардын 23-26 пайызынын ата-энеси расмий никеде турган эмес.

2017-жылы 20 миң бала расмий никесиз ата-энеде төрөлсө, 16 миң бөбөктүн атасы көрсөтүлгөн эмес. Никесиз балдарды көбүнчо 30 жашка чейинки аялдар төрөшөт.

Расмий никесиз аялдар 2017-жылы көбүнчө Ош облусунда төрөшкөн (7 миң 681), андан кийин Чүй облусунда (7 миң 184).

2017-жылы 43 миң 350 үй-бүлө түзүлсө, анын 9 миң 588и ажырашып кеткен.

Өлкөдөгү ар бир алтынчы үй-бүлө бузулат.

Белгилей кетүүчү жагдай, 2017-жылы башка өлкөдөгү жарандар менен (Россия, Өзбекстан жана Түркиядан башка) кыргыз кыздары 337 нике түзсө, 24 эркек башка мамлекеттин жарандарын алган.

Эң көп окулган жаңылыктар