10:53
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70,9 жашты түздү

Кыргызстанда орточо жашоо узактыгы 70,9 жашты түзүп, Борбор Азиядагы эң төмөнкү көрсөткүчтүн арасына кирди. Бул тууралуу Global Burden of Disease изилдөөсүндө айтылат.

Эң начар көрсөткүч Түркмөнстанда, жашоонун орточо узактыгы 70,4 жаш.

Борбор Азияда эң узак жашагандар Өзбекстанда, алардын орточо жашоо узактыгы 73,8 жаш. Тажикстанда 73,7, Казакстанда 72,4 жаш.

Изилдөөнүн маалыматы боюнча дүйнөдө эң узак жашагандар Гонконгдо, алар 84,3 жашка жетет. Кийинки катарда Жапония менен Италия турат.

Эң көп окулган жаңылыктар