04:07
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Артем Новиков калкты электр менен камсыздоо учүн эмне кылуу керектигин айтты

Калкты кыш мезгилинде электр энергиясы менен толук кандуу камсыздоо маанилүү. Биз тургундардын электр энергиясыз калуусуна жол бербешибиз керек. Бул туурасында премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков энергетикалык тутумдун үзгүлтүксүз ишин талкуулоо боюнча кезексиз кеңешменин жүрүшүндө билдирди.

«Күз-кыш мезгили кыйынчылык менен өтүүдө. Электр энергиясын керектөө жогорулады, бул энергитикалык тутумдагы аварияларга алып келүүсү ыктымал. Тийиштүү чараларды кабыл алуу жана калк арасында электрди үнөмдөө маанилүүлүгү жөнүндө түшүндүрүү иштерин өткөрүү маанилүү. Керектөө көлөмүн кыскартуу зарыл. Биз энергияны үнөмдөөчү технологияларга өтүү тууралуу бир нече ирет айтканбыз. Бирок өткөн жылдары бул маселеге жетиштүү көңүл бурулган эмес. Учурда чыныгы абалды жана окуялардын негативдүү өнүгүүсүнө карай даярдык кандай экендигин баалоо керек, ошол эле учурда калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы жана жылуулук менен камсыздоо чараларын кабыл алуу зарыл», — деди Артем Новиков.

Аба-ырайына байланыштуу күн сайын белгиленген лимиттен чыгуу орун алууда. Акыркы күндө эле план боюнча 49,8 млн кВт саат каралган болсо, иш жүзүндөгү керектөө 58 млн кВт саатты түздү.

«Менин маалыматым боюнча, ири шаарларга чоң жүктөмдөр туура келүүдө. Бизде кубаттуулук боюнча резервдер бар жана аларды ишке киргизүү керек. Алсак, Бишкек шаардык жаңы ЖЭБ толук кандуу иштебей турат. Электрди жана жылуулукту иштеп чыгуунун жетиштүү көлөмүн камсыздоо үчүн экинчи гидроагрегатты ишке киргизүүгө мезгил келип жетти деп эсептейм. Ал үчүн кошумча финансы чыгымдары керектелет, бирок жарандарга мындай суукта ыңгайсыздык жаралбашаы керек. Мезгилдүү өчүрүүлөр болбошу керек. Буга катар калк арасында электр энергиясын рационалдуу чыгымдоо зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү ишин улантуубуз керек», — деди ал.

Артем Новиков «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын өкүлдөрүнө Бишкек шаарындагы конуштарды газдаштыруу боюнча иштерди тездетүүнү сунуш кылды, компаниянын бул багыттагы жумуштарына өкмөт колдоо көрсөтөт.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине «Улуттук электр холдинг компаниясы» ААК менен биргеликте бөлүштүрүүчү компанияларда электр энергиясынын лимитинин жогорулатылышына жол бербөө боюнча натыйжалуу чараларды кабыл алуу, Токтогул суу сактагычындагы суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле электр тармактарына жана элктр жабдууларына карай жүктөмдөрдү мониторингдөө боюнча ишти көзөмөлгө алууну күчөтүү боюнча тапшырмаларды берди.

Эң көп окулган жаңылыктар