00:42
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Экс-президенттерге берилген артыкчылыктарды кыскартуу сунушталууда

Кыргызстандын президенти жана экс-президенттердин макамына байланыштуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.

Коомдук талкуугачыккан мыйзам долбоорунда экс-президенттерге берилген бир катар жеңилдиктерди алып салуу каралган. Муну менен экс-президенттерди мамлекеттин эсебинен багууну токтотуу, жансакчы алып жүрүү жана башка коммуналдык кызмат көрсөтүүлөрдүн акысын өз эсебинен төлөтүү сунушу бар.

Мындан сырткары жаңы президент шайланып келгенден кийин бир айдын ичинде экс-президент мамлекеттик резиденциядан чыгып кетиши керек. Мыйзам долбоору колдоо таап, кабыл алынса мамлекет башчы катары ыйгарым укуктарын токтоткон күндөн тартып өзүнө жана үй-бүлөсүндөгү жашы жете элек балдарын акысыз медициналык тейлөө укугуна, мамлекеттик дачалардын бирин өмүр бою пайдаланууга берүүгө байланыштуу беренелер күчүн жоготот.

Мыйзам долбоору мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган. Мыйзам долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев.

Эл өкүлү экономикалык жактан кубаттуу Түркия, Түштүк Кореянын кызматтан кеткен мамлекет башчыларына Кыргызстандын экс-президенттериндей артыкчылыктар берилбей турганын белгилеген.

Учурда Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Эң көп окулган жаңылыктар