05:52
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Акылбек Жапаров ордо калаадагы мектептердин курулушун тездетүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы бир катар мектептердин курулушунун жүрүшүн текшерди.

Министрлер кабинетинин төрагасы № 6 автордук окуу комплексинин аймагындагы спорттук жана актовый залдары бар окуу корпусунун, № 40 орто мектеп үчүн кошумча окуу корпусунун, ошондой эле шаардагы «Ак-Босого», «Көлмө» жана «Ак-Ордо» конуштарындагы орто мектептердин курулушу менен таанышты.

«Курулуш иштери өз мөөнөтүндө бүтүшү үчүн кошумча адистерди жана техникаларды тартуу менен анын жүрүшүн тездетүү зарыл. Курулуштун сапатын көзөмөлдөө да күчөтүлөт. Көбүнчө калктуу конуштарда жайгашкан мектептер зарыл болгон бардык коопсуздук стандарттарына жооп бериши керек. Балдар үчүн ыңгайлуу жана жагымдуу окуу чөйрөсүн түзүү маанилүү», — деген Акылбек Жапаров тиешелүү түзүмдөргө бир катар тапшырмаларды берди.

Белгилей кетсек, учурда борбордо КР президентинин тапшырмасы менен 15 билим берүү мекемеси жана кошумча окуу корпустары, ошондой эле 1 бала бакча курулуп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар