14:36
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Ислам оюндары: Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байге алышты

Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту.

Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 11-августта эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңип алган.

Ушул эле күнү кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова финалда гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, V Ислам Шериктештиги Оюндарынын чемпиону болду. Финалга чейин Тыныбекова алгач казакстандык Ирина Кузнецованы, жарым финалда сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалга чыккан.

V Ислам шериктештиги оюндары 9-августта расмий ачылган. Акматалиев менен Тыныбекованын байгесин кошкондо учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. 10-августта эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.

Эң көп окулган жаңылыктар